• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сузак районунда жаңы балдар бакчасы пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 26.08.21. /Кабар/. Сузак районунун Барпы айыл аймагындагы Таштак айылында 50 орундуу жаңы бала бакча пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, мекеменин ачылышына Жалал-Абад облусунун башчысы Абсаттар Сыргабаев, райондук жана жергиликтүү бийлик жетекчилери, айыл тургундары катышты.

АРИСтин демөөрчүлүгүнүн астында курулган Таштак айлындагы "Ак-Кеме-1" мектепке чейинки мекемеси 50 орунга ылайыкташкан. Ага жалпы 14 миллион 471 миң сомдон ашуун каражат сарпталган. Жергиликтүү бюджеттен жалпы каражаттын 25 пайызы камсыздалган.

Жалал-Абад облусунда жыл башынан тарта жалпы 6 бала бакча бүткөрүлгөн болсо, дагы төрт имараттын курулушу жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий