• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Сузак районунда жаңы калкты тейлөө борбору ачылды

Коом 0

Бишкек, 25.09.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жаңы калкты тейлөө борбору ачылды. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Жаңы ачылган калкты тейлөө борборунда маалымат алуу бөлүмү, күтүү залы каралып, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн шарттар түзүлгөн.

"Калкты тейлөө борборунда калкты каттоо, паспорт берүү бөлүмү, жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмү, банк кассасы, нотариус, сүрөт жана көчүрмө кызматтары бар. Жарандар керектүү документтерин калкты тейлөө борборунан чыкпастан топтой алышат. Сузак районунун 300 миңден ашык калкына 36 каттоо кызматы көрсөтүлөт. Мындан мурда паспорт берүү, жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмү, ошондой эле банк кассасы, нотариус башка жерлерде жайгашып, жарандарга ыңгайсыздык жаратып келген", - деп билдирет Каттоо кызматы.

Калкты тейлөө борборунун ачылышына Каттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиев, өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Нурболот Мирзахмедов, Сузак районунун акими Эрмекбай Омошев, "Инфоком" ишканасынын директору Рыскулбек Осмоналиев жана райондун тургундары катышкан.

Пикир

Оставить комментарий