• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Сузак районунда жаңы мектеп пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 15.09.21./Кабар/. Бүгүн, 15-сентябрь күнү, жаңы окуу жылынын башталышына карата Сузак районунун Багыш айылындагы №8 У. Абдукаимов атындагы 275 орундуу мектеп пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Ага Кыргыз Республикасынын арезидентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Сузак районунун акими Баратбек Сыдыкназаров, билим берүү кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар катышты.

Ыйгарым укуктуу өкүл мугалимдерди жана окуучуларды окуу жылынын башталышы менен куттуктады. Заманбап жаңы мектепте өлкөнүн керегине жараган билимдүү уул-кыздар тарбияланып чыгышына үмүт артаарын билдирди.

Аталган мектептин курулушу 2014 жылы башталган. Ага республикалык бюджеттен 48 миллион сом акча каражаты сарпталган.

Бул жылы Жалал-Абад облусунда окуу жылынын башталышына карата 2 жаңы мектеп бүткөрүлдү. Жыл аягына чейин дагы эки мектеп пайдаланууга берилет.

Пикир

Оставить комментарий