• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сузак районунда жаңы өрт-куткаруу бөлүгүнүн имараты курулат

Аймак 0

Бишкек, 18.06.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунда жаңы өрт-куткаруу бөлүгүнүн имараты курулат. Бул тууралуу КР ӨКМдин маалымат кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кореянын Эл аралык кызматташтык агенттиги (KOICA) жана Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасынын (ПРООН) ортосундагы кызматташтыктын чегинде өрт-куткаруу бөлүгүнүн жаңы имаратынын пайдубалына биринчи бетон куюунун салтанаттуу аземи болуп өттү.

Сузак айылындагы капсула салуу иш-чарасына Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Акылбек Мазарипов, Кореянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин Кыргызстандагы директору Ли Джунг Су, ПРООНдун туруктуу өкүлүнүн техникалык кеңешчиси Марат Абдырахманов жана министрлер кабинетинин Жалал-Абаддагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Сузак районунун акиминин орун басары Бакытбек Сүйүнбаев катышты.

Жалпысынан долбоордун алкагында ПРООН Чолпон-Ата, Ош, Бишкек шаарларында жана Сузак айылында (Жалал-Абад облусу) өрт-куткаруу бөлүмдөрү үчүн төрт жаңы имарат курулат жана аларды жабдыйт, ошондой эле акыркы шаймандар жана өрткө каршы шаймандар менен жабдууланат.

Долбоор өрт-куткаруу кызматкерлеринин квалификациясын жана билимин өркүндөтүү боюнча тренингдерди өткөрүүнү да карайт.

Пикир

Оставить комментарий