• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Сузак районунда жаш балдарга карата зордук-зомбулуктун алдын алуу иштери жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 14.09.20 /Кабар/. Бүгүн,14-сентябрда Жалал-Абад облусунун Сузак райондук администрациясынын чоң жыйындар залында өспүрүмдөргө карата зордук-зомбулукту алдын алуу максатында жыйын болуп өттү. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жыйынга мектеп мугалимдери, ата-энелер жана активисттер катышты. Жыйында Сузак районунун баш имам хатиби Жунус ажы Исмаилов өспүрүм балдарга туура тарбия берүүдө шариятта жогору баалана турганын айтты.

“Мамлекет башчынын балдарды коргоо жылына карата мындай иш-чаралар байма-бай өтүп турушу керек. Акыркы убактарда күнөөсү жок балдарга жылуу мамиле жасоонун ордуна зомбулук көрсөткөндөр көбөйдү. Биз ага жол бербешибиз керек. Пайгамбарыбыз жашоосуна сарасеп салып көрсөк жаш балдарга мыкты тарбия берип, аларды эркелетчү», - деди Жунус ажы Исмаилов.

Пикир

Оставить комментарий