• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сузак районунда жер көчкү Ачы-Сай суусунун агымын бөгөп калды

Аймак 0

Бишкек, 23.10.18. / Кабар/. 23-октябрда саат 11:30да Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун Акчалуу айылында жер көчкү жүрдү.

ӨКМнын басма-сөз кызматы маалымдагандай, жер көчкү Ачы-Сай суусунун агымын бөгөп калган.

"Жеринде Жарандык коргонуу комиссиясынын мүчөлөрү жана райондук ӨКМнын башчылары иштеп, окуя такталууда. Жакын арада турган үйлөргө кооптуу эч нерсе жок. Кийинчерээк толугураак маалымат берилет", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий