• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сузак районунда жер көчкү түшүү коркунучу жаралды (сүрөт)

Аймак 0

Бишкек, 16.03.18. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагынын Акчалуу айылындагы Ачы сайында жер көчкү түшүү коркунучу жаралган,-деп билдирет ӨКМнин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Акчалуу айылынын 6 үй-бүлөсүнө жана Благовещенка айылынан Кара-Көл айылына баруучу унаа жолунун 14-15 чакырымдарында коркунуч жараткан.

“14-мартта жерине райондук Жарандык коргонуу комиссиясы жана ӨКМнин өкүлдөрү жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иш чаралары жүргүзүлүп, кооптуу аймакта жашаган 6 үй-бүлө коопсуз жерге көчүрүлгөн”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий