• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Сузак районунун 2 айылында жер көчкү жүрдү

Аймак 0

Бишкек, 25-март /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 2017-жылдын 24-мартында саат 14:10 чамасында Кызыл-Туу айыл аймагынын Ак-Терек айылында көлөмү болжол менен 25 000 м3 жер көчкү түшкөн. Натыйжада, 5 турак жайга коркунуч пайда болуп,150 метр аралык калган. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Андан сырткары, саат 14:30 чамасында Алчалуу айылында көлөмү болжол менен 58 000 м3 жер көчкү түшкөн. Натыйжада, толук бүтө элек 1 үйгө коркунуч жаралып, 220 метр аралык калган. Кыйроолор жана жабыркагандар жок.

Райондук Жарандык коргонуу комиссиясы, КР ӨКМнин өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин 2 адиси, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү тарабынан атайын комиссия түзүлгөн. Жеринде тактоо иштеринин натыйжасында, Ак-Терек айылында 5 турак үйгө коркунуч пайда болгондугуна байланыштуу жашоочуларын убактылуу башка коопсуз жерге көчүп чыгуусу боюнча эскертилген жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн.

Ошондой эле, Алчалуу айылында кооптуу жерде калган 1 турак үйдүн ээси башка жерге көчүүсү жөнүндө эскертилип, үйдүн ээси тарабынан бүтө элек үйдү бузуп, курулуш материалдарын көчүрүп кетүүдө.

Токтогул районунда 2017-жылдын 24-мартында саат 22:00 чамасында Торкент-Тоолук унаа жолунун 67-чакырымында көлөмү болжол менен 4500 м3 кар көчкүсү түшүп, унаа жол убактылуу жабылган. Адам өмүрүнө жана унааларга зыян келген эмес.

Тазалоо ишине рейондук №23 жол тейлөө ишканасынан 1 бульдозер тартылып 25-март күнү саат 06:00 унаа жол толугу менен тазаланып ачылган.

Пикир

Оставить комментарий