• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Сел маркумдардын сөөктөрүн агызган көрүстөн көчүрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 19-июль /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кызыл-Туу айыл аймагынын Акчалуу айылындагы Акчалуу жана Ачы сел сайларынан келген сел суулары айылдын көрүстөнүн бузуп, көрүстөнгө коюлган маркумдардын сөөктөрүн агызып кеткен фактылар катталып, инфекциялык жугуштуу оорулардын пайда болуу коркунучу жаралган. Аталган мүрзөнү коопсуз жайга көчүрүү маселеси 2014-2015-жылдары жергиликтүү бийликтер жана жергиликтүү жашоочулар тарабынан коюулуп, КР Өзгөчө кырдаалдар министи К.А.Бороновдун Сузак районуна жасаган кызматтык иш-сапарындагы протоколдук тапшырмасына киргизилген.

Аталган көрүстөнгө 1900–жылдардан баштап, 2008-жылга чейин жалпы болжол менен 1100 адамдын сөөгү көмүлгөн.

КР ӨКМнин 2017-жылдагы “Авариялык калыбына келтирүү” иш планынын негизинде аталган көрүстөндү жаңы коопсуз жайга көчүрүү иштери июнь айында башталып, 2 эксковатор, 1 портер үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаа жана 10 жумушчу тартылган.

Натыйжада: көрүстөндө көмүлгөн жалпы 1100 адамдын сөөгү (152 сөөктүн аты-жөнү такталган, 948 сөөктүн аты-жөнү белгисиз) казылып алынып, көчүрүү иштери аяктады. Облустук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун санитардык коопсуздукту сактоо боюнча инструкцияларына ылайык эски мүрзөнүн ордун залалсыздандыруу жумуштары жүргүзүлүп жатат.

Эски мүрзөдөгү айланасы тосулган темир сеткалар чыгарылып алынып, кайрадан ондолуп жаңы мүрзөгө алынып келинип 400 метр аралыгы жаңыланып тосулду. Мындан тышкары жаңы мүрзөгө бастырма (навес) курулуп жатат.

Пикир

Оставить комментарий