• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сузак районунун айыл өкмөтүнүн имаратында чыккан өрт толук өчүрүлдү

Коом 0

Бишкек, 10.10.21. /Кабар/. Сузак районунун айыл өкмөтүнүн имаратынан чыккан өрт толук өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирет.

Такталган маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун айыл өкмөтүнүн имаратындагы көмүрканадан өрт чыгып, айыл өкмөттүн имаратынын 1 кабатына өтүп кеткен.

"Саат 09:03 тө чектөөгө алынып, 12:06да толугу менен өчүрүлгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, бүгүн Сузак айылында айыл өкмөттүн көмүр сактоочу жеринде 20 тонна көмүр күйүп, жанаша жайгашкан айыл өкмөттүн имаратына өтүп кеткен. Жерине куткаруучулар тартылган.

Пикир

Оставить комментарий