• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Сузак районунун борборунда азык-түлүк дүкөндөрү кандай тартипте иштейт? – район акиминин жообу

Аймак 0

Бишкек, 02.04.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Сузак районунун акими Эрмекбай Омошев аймактагы телеканалдын түз эфиринде Сузак районунун борборунда азык-түлүк дүкөндөрү 4 күндөн бери эмнеге жабылып турганы боюнча суроого жооп берди.

Акимге "Сузактын борборунда 4 күндөн бери азык-түлүк дүкөндөрү жабык турат. Башында дүкөндөр жабылбайт деп айтылгандыктан азык-түлүктү ченелүү алганбыз. Азыр азык-түлүк түгөнүп бара жатат, аны кайсы жактан алабыз?" деген суроо узатылды.

"Сузак районунун борбору – Сузак айылында эл көп жүргөндүктөн 3 күндөн бери ушундай катуу тартип киргизилген. Айыл өкмөтүнө да бир топ жарандар кайрылган экен. Аларга 4 дүкөндү ачып бердик. Биз азык-түлүк дүкөндөрүнүн иштөө графигин түзүп, кезек менен бир күндө 4 азык-түлүк дүкөнүнүн иштөөсүнө уруксат бердик", - дейт Омошев.

Белгилей кетсек, коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 116ге жетти. Алардын ичинен 5 адам коронавирустан айыгып чыккан.

Пикир

Оставить комментарий