• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Сузак районунун үч айылында таза суу менен камсыздоо иштери жүргүзүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 20.06.22. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда ичүүчү таза суу менен камсыздоо планын ишке ашыруунун алкагында Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүнүн үч айылында иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш агенттигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, долбоор 2018-жылы Ислам Өнүктүрүү банкы тарабынан кабыл алынып каржыланган. Иштин жыйынтыгында 8 миң жаран ичүүчү суу менен камсыз болот.

Буга кошумча 2022-жылга карата Жалал-Абад облусунун 54 калктуу пунктун таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу боюнча иш планына киргизилгенин билдиребиз. Алардын ичинен 25 калктуу конуштагы объекттер ИӨБ тарабынан каржыланат. Анын ичинде 19 айылда иш жүрүп жатат.

Ошондой эле жалпысынан Жалал-Абад облусунун 24 айылында республикалык жана райондук бюджеттерден каржылануучу таза суу менен камсыз кылуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий