• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сузак районунун эгин талааларында өрт коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 17.07.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун эгин талааларында өрт коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Сузак райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан райондун аймагындагы Багыш, Көк-Арт жана Курманбек айыл аймактарында кылкандуу дан эгиндерди жыйноодо өрт коопсуздук эрежелерин сактоо максатында комбайндардын айдоочуларына жана айыл тургундарына түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Жыл сайын Сузак райондук өрттү өчүрүү жана алдын алуу бөлүмү тарабынан чөп чабык жана түшүм жыйноо учурунда өрт коопсуздугун камсыз кылуу боюнча бир топ иштерди жүргүзүп келишет.

Өстүрүлгөн түшүмдү өрттөн сактап калуу үчүн өрт коопсуздук эрежелерин так сактоо зарыл. Түшүм жыйноодогу ар бир эгин чабуучуларга кызматкерлер тарабынан өрткө каршы нускамалар өткөрүлүп турат.

Мындан тышкары өрттү азайтуу жана өстүрүлгөн кылкандуу дан эгиндерин өз убагында коромжусуз жыйнап алууну уюштуруу максатында чарба обьектилеринде, айыл өкмөттөрүндө, эгин талааларында жана башка мекеме-ишканаларда өрткө каршы мазмундагы лекциялар, инструктаждар жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий