• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Сузак районунун Курманбек айыл аймагында жер көчкү түштү

Аймак 0

Бишкек, 18-апрель /Кабар/. 2017-жылдын 17-апрель күнү саат 12:30 чамасында Таран-Базар айылында көлөмү 192 000 м3 жер көчкү түшкөн. Бул тууралуу КР ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жер көчкү 12 турак үйгө 300 метр аралык жакын калып кооптуу абал жаралган.

Көчкү түшкөн жерге КР ӨКМнин райондук бөлүм башчысы жана айыл аймактын башчысы барып абал менен таанышышкан.

17-апрель күнү Жарандык коргонуу комиссиясынын тактоо жана түшүндүрүү иштеринин негизинде 12 турак жайдын жашоочулары өздөрүнүн туугандарыныкына көчүрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий