• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Сузак районунун почта кызматынын жетекчиси: Пенсиядан 200 сомдон кармалууда деп жарандар кайрылууда

Аймак 0

Бишкек, 22.04.20. /Кабар/. Сузак районунда пенсиядан 200 сомдон кармалууда деп жарандар кайрылууда. Бул тууралуу Жалал-Абад ТВ каналынын түз эфиринде "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын Сузак райондук филиалынын башчысы Жаныбек Жолборсов билдирди.

Түз эфирде ага ар бир пенсионерден пенсиясынан 200 сомдон кармалыптыр, ал акчаны кармап калгандар кол топтоп жүрүптүр. Ал акчалар эмненин негизинде топтолуп жатат деген суроо узатылды.

"Андан маалыматтар бизге телефон аркылуу түшүп жатат. Бирок арыз менен эч ким кайрылган жок. Телефон чалган жарандарга ошол адамдын аты-жөнүн, телефон номерин бергиле деп сураганда эч ким ал маалыматты бере албай жатат. Биздин кызматкерлерге пенсияларды жеткирүүдө так жана таза иштөөсү үчүн катуу талап койгонбуз", - деди ал.

Аны менен бирге ал жогоруда айтылган факт, жалпы эле пенсия төлөмдөрү боюнча 0779 34 88 98 же Сузак району боюнча кызматтык телефон (3748) 50026 номерине кайрылууга болорун билдирди.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 21:00-06:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 06:00дөн 21:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий