• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сузак районунун сел жүргөн аймактарында изилдөө иштери жүргүзүлүүдө

Коом 0

Бишкек, 06.05.22. /Кабар/. Күтүлүп жаткан туруксуз аба-ырайына байланыштуу Мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин кызматкерлери Сузак районунун аймагында аэрофотосьемка менен изилдөө иштерин алып барууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиргендей, 2022-жылдын 4-май күнү болжол менен саат 22:50лөр чамасында кыска мөөнөттө жаап ѳткѳн жаандын кесепетинен Сузак районунун Барпы жана Атабеков айыл аймактарынын Миң-Өрүк, Жаңы-Айыл, Төөлөс, Таштак, Комсомол, Чөкө-Дөбө, Чокмор, Б. Осмонов, Кара-Жыгач, Түрк-Абад жана Кызыл-Багыш айылдарындагы турак үйлөргө кокту-колоттон түшкөн сел суулары каптап, айрым турак үйлөр авариялык абалга келген.

Жогоруда аталган айылдарга өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев менен биргеликте министрликке караштуу Мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин башчысы Д.Сакыев жеринде изилдөө иштерин жүргүзүүдө.

"Ал эми Гидрометеорология кызматынын берген маалыматына ылайык, күтүлүп жаткан туруксуз аба-ырайына байланыштуу, Мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин кызматкерлери жер-жерлерде аэрофотосьемка менен изилдөө иштерин алып барууда, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий