• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сузак районунун Ширин айылына таза суу жеткирилет

Аймак 0

Бишкек, 12.01.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Атабеков айыл аймагына караштуу Ширин айылына таза суу жеткирилет. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган айылда 200дөн ашуун түтүн, 1200дөн ашуун калк жашап, таза сууга болгон муктаждык чечилбей келген.

Жергиликтүү бийликтин бул багытта жүргүзгөн аракетинин натыйжасында "Ассалам" кайрымдуулук фонду тарабынан узундугу 3 миң 800 метр болгон полиэтилен суу түтүктөрү алынып берилди.

Пикир

Оставить комментарий