• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сузак районунун Таран-Базар айылында көлөмү жер көчкү түшүп, 8 турак үйгө кооптуу абал жаратууда

Кырсык 0

Бишкек, 17-апрель /Кабар/. 2017-жылдын 17-апрель күнү саат 12:30 чамасында Сузак районунун Курганбек айыл аймагындагы Таран-Базар айылында көлөмү 192 000 м3 жер көчкү түшүп, 8 турак үйгө 300 метр аралык калып кооптуу абал жаралган. Бул тууралуу КР ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Жабыркагандар жок.

Жеринде Жарандык коргонуу комиссиясы менен КР ӨКМнин адистери тактоо иштерин жүргүзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий