• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Сузак райондук милициясында "Ачык эшик" күнү өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 23.12.21. /Кабар/. Сузак райондук ички иштер бөлүмүндө мектеп окуучулары үчүн “Ачык эшик” күнү уюштурулду. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, райондун айыл аймактарындагы коомдук алдын алуу борборлорунун мүчөлөрүн жана жаш өспүрүмдөрдү РИИБдин начальниги Замирбек Ормонов баштаган өздүк курам тосуп алды.

Катышуучулар милициянын күнүмдүк иш алып баруусуна кызматкерлердин сапка тизилүүсүнөн баштап күбө болушту. Коомдук тартипти камсыздоодо жана жол кыймылынынын коопсуздугун көзөмөлдөөдө жүргүзүлүп жаткан иштер тааныштырылды. Тергѳѳ амалдарынын жүрүшүндө жарандар менен сүйлөшүү процесси, нөөмөт бөлүмчөсүндө телефон чалууларды кабыл алуу, ыкчам криминалисттердин, жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын жана участкалык инспекторлордун иштөө тартиби көрсөтүлдү.

Иш-чаранын алкагында мектеп окуучуларына кылмыштуулуктун арты жакшылык менен аяктабай тургандыгы эскертилди.

Ошондой эле ар кандай терс көрүнүштөрдөн алыс болуп, мыкты билим, татыктуу тарбия алуу менен биргеликте келечекте коомдун өнүгүүсүнө салым кошуу керектиги айтылды.

Пикир

Оставить комментарий