• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сузак жана Майлуу-Сууда милиция тарабынан өспүрүмдөр арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 21.05.20 /Кабар/. Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан район аймагында жаш өспүрүмдөр арасында сууга чөгүү кокустуктарынын алдын алуу боюнча жумуштар жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда милиция тарабынан агын суулар, көлмөлөр, бассейндер көзөмөлгө алынууда. Жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан чоң арыктардын кооптуу участокторуна, сууга түшүүгө мүмкүн эмес жерлерге эскертүү тактайчалар орнотулду. Ошондой эле жаш өспүрүмдөргө онлайн сабактарын окуу менен үйдө болуу керектиги эскертилди.

Ал эми Майлуу-Суу шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан шаардык билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрү менен биргеликте онлайн форматында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Алдыда келе жаткан 25-май - акыркы коңгуроо күнүнө карата эч кандай эс алуу кечелери өткөрүлбөөсү керектиги жеткирилди. Мектеп бүтүрүүчүлөрүнө автоунаалар менен шаар аралоого жана тоо койнунда эс алууга болбой тургандыгы айтылды.

Пикир

Оставить комментарий