• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сузакта 11 жаштагы баланы мыкаачылык менен өлтүрүп кетишти

Кырсык 0

Бишкек, 09.07.19. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Каңды айылында мыкаачылык менен өлтүрүп кетишкен 2008-жылкы баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, болжол менен саат 16:30да коңшулары милицияга чалып кабар беришкен. Алгачкы териштирүүнүн жүрүшүндө 11 жаштагы бала мыкаачылык менен өлтүрүлгөндүгү маалым болгон. Денесинде бычактан алган көптөгөн жаракатар бар экендиги аныкталган. Андан тышкары, кан болгон кийимдери жана бычак табылган.

Аталган факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестринде "Адам өлтүрүү" беренеси боюнча каттоого алынган. Учурда сотко чейинки териштирүү иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий