• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Сузакта 120 окуучуга ылайыкташкан жаңы мектеп пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 10.08.22./Кабар/. Сузак районунун Кызыл-Туу айыл өкмөтүнө караштуу Жашасын-2 айылында 120 орундуу мектеп ишке берилди. Бул тууралуу райондук администрациянын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мектептин курулушу "Ассанабил" коомдук фондунун колдоосу менен Эл аралык "Таалим" билим берүү мекемеси тарабынан каржыланды.

"Мектеп Ырыс жана Кызыл-Туу айыл өкмөттөрүнүн айылдарын байланыштырат. Аталган аймакта билим алуучулар үчүн жаралып жаткан ыңгайсыз жол жана имарат тартыштык маселеси чечилди", - деп айтат Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы Майсалбек Өмүрзаков.

Мектептин ачылуу аземине аталган демилгени көтөргөн ЖКнын депутаты Тазабек Икрамов, Сузак районунун акими Баратбек Сыдыкназаров, "Ассанабил" коомдук фондунун өкүлү жана башка жетекчилер, жергиликтүү тургундар, мектеп жамааты жана окуучулар катышты.

Эскерте кетсек, буга чейин аталган аймакта фельдшердик-акушердик пункту ачылган.

Пикир

Оставить комментарий