• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сузакта 230 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Аймак 0

Бишкек, 20.04.21. /Кабар/. Кечээ, 19-апрелде Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы Жалал-Абад облустук мусулмандар казыяты менен биргеликте Рамазан айынын урматына кайрымдуулук иш-чарасын өткөрүштү. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чарада Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Кызыл-Туу айыл аймагындагы 230 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды.

Азык-түлүк Жалал-Абад облусунун казысы Нематтулла ажы Жээнбеков, Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Руслан Алтымышов жана айыл аймактын кызматкерлери, айыл аксакалдарынын катышуусунда таратылды.

Жардам алган жергиликтүүлөр демөөрчүлөргө, уюштуруучуларга ыраазычылыктарын билдиришти.

Майрамдык баштыкчанын ар биринде 10 кг ун, 5 литр май, 5 кг күрүч, 5 кг кум шекер, 5 кг макарон, 2 кг печенье, 1 кг курма жана 1 литр кайнатылган сүт, бир куту чай салынган.

Пикир

Оставить комментарий