• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Сузакта 27 жаштагы Сардорбек Арибжанов дайынсыз болууда. Милиция коомчулуктан жардам сурайт

Аймак 0

Бишкек, 12.01.22. /Кабар/. Сузак районунун Сузак айыл аймагынын Арал айылынын тургуну 1994-жылы туулган Арибжанов Сардорбек Кахраманжонович дайынсыз болууда.

Жалал-Абад облустук милициясынын билдирүүсүнө караганда, ал 2021-жылдын 8-декабрында саат 15:00дөр чамасында үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайыны жок.

Учурда Сардорбек Арибжановдун жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.

Белгилери: Бою 165-170 см, ак жүздүү, кашы, көзү, чачы кара, орто дене түзүлүштө, сакалы бар.

Кийген кийимдери: Үстүндө көк түстөгү джинсы куртка, кара түстөгү джинсы шым, кара түстөгү кроссовки болгон.

Дайынсыз болуп жаткан жаран тууралуу кандайдыр маалыматыңыз болсо төмөнкү дарекке кабарлап койсоңуздар болот: 102, (03748) 5 02 09, 0778 15 15 91, 0550 31 31 22.

Пикир

Оставить комментарий