• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Сузакта 3 жашар бала жеңесинин ур-токмогунан чарчап калды

Кырсык 0

Бишкек, 29.01.20. /Кабар/. Сузак районунда 3 жашар бала чарчап калды, анын денесинде көптөгөн көк ала тактар болгон.

"Кабарга" Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Сузак районунун Октябрь айылындагы ооруканага 27-январда болжол менен саат 13.30да 2017-жылы төрөлгөн баланын сөөгүн алып келишкен.

Окуя болгон жерге келген ыкчам топ аталган фактты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алып, сотко чейинки териштирүү иштерин баштаган. Ошондой эле соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Окуяга шектүү делип атасынын бир тууган инисинин аялы Д.А., сурак берүүдө. Тергөө уланууда.

Маалым болгондой, баланын атасы Россияда, энеси болсо 2019-жылы каза болуп калган. Шектелип жаткан аял баланы багып жүргөндүгү кабарланды.

Шектүү аялдын өзүнүн үч баласы бар.

Пикир

Оставить комментарий