• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сузакта 5 уй күйүп кетти. Өлкө аймагында бир суткада 10 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 23.10.18. /Кабар/. Кыргызстанда бир сутканын ичинже 10 өрт катталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, борборубуздун Павлов көчөсүндө иштебеген жеке мончонун имаратында өрт чыккан. Жыйынтыгында имараттын шыбынын 30 чарчы метр жери күйүп кеткен. Өрт электр зымдарынын туура эмес коюлганынан улам келип чыккан.

Кемин районунун Подгорный айылында 10 га аянт чөп күйгөн. Өрттүн себептери такталууда.

Ысык-Ата районундагы Новопокровка айылынын Пушкин көчөсүндөгү короолордун биринде «Тойота Приус» жана «Хондай» үлгүсүндөгү эки автоунаа күйгөн. Өрттүн себептери такталууда.

Сузак районундагы Сузак айылынын Комсомол көчөсүндө 125 чарчы метр мал сарайы өрттөнүп, натыйжада 5 уй күйүп кеткен.

Пикир

Оставить комментарий