• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Сузакта 50гө жакын турак үйгө кызыл китеп берилди

Аймак 0

Бишкек, 19.01.22. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы 50гө жакын үй-бүлөлөрдүн жашап турган турак жайларынын кызыл китептери тапшырылды. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Сузак районунун башчысы Баратбек Сыдыкназаровдун демилгеси менен алгач, райондун аймагындагы ар бир айыл өкмөттөн аз камсыз болгон жана ден соолугунун мүмүнчүлүгү чектелген жарандарга турак жайларын мыйзамдаштырууга көмөк көрсөтүлгөн.

Мында, жалпы 50гө жакын турак үйдүн Жер участогуна жеке менчик укугу жөнүндөгү Мамлекеттик акты, техпаспорттору жасалып берилди. Жумшалган каражаттар райондук мамлекеттик администрация, айыл өкмөт жана Кадастр мамлекеттик ишканасы тарабынан каржыланган.

Пикир

Оставить комментарий