• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сузакта 60 орундуу кошумча жугуштуу оорулар бөлүмү даярдалды

Аймак 0

Бишкек, 30.09.20. /Кабар/. Сузак районунун Көк-Жаңгак шаарында 60 орундуу кошумча жугуштуу оорулар бөлүмү даярдалды. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Жугуштуу оорулар бөлүмүнө республикалык бюджеттен 2 миллион 666 миң сом акча каражаты сарпталган.

Мындан тышкары, өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн резервдик фондунан 220 миң сом, Сузак райондук мамлекеттик администрациясынан 150 миң сом жана жергиликтүү жеке ишкер тарабынан 200 миң сом каражат берилген.

"Үч кабаттуу имарат толук ички оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, эшик терезелери жаңыртылды. Кошумча башкы көйгөй болгон үч чакырым аралыкка түтүктөр орнотулуп, суу чыгарылды", - деп маалымдашты өкүлчүлүктөн.

Пикир

Оставить комментарий