• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сузакта 9 үйдүн короосун сел каптады – ӨКМ

Аймак 0

Бишкек, 11.04.19. /Кабар/. 10-апрелде катуу жааган жамгырдын кесепетинен коктулардан келген сел суулар ички чарбалык арыктан ашып, селге айланган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, анын кесепетинен Багыш айыл аймагына караштуу Караган жана Кызыл-Туу айылдарындагы 9 турак үйдүн короолорун суу каптаган.

Кырсыктын кесепетин жоюуга ӨКМдин Сузак райондук бөлүмүнөн атайын техника жана жалпысынан 35 куткаруучу, жергиликтүү тургундар тартылган.

"Тартылган күчтөрдүн жардамында суунун нугу башка каналга бурулуп, арыктын жээктерин бекемдөө иштери жүргүзүлдү", - деп кабарлашты ведомстводон.

Пикир

Оставить комментарий