• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Сузакта "Алтын түйүн" улуттук балдар академиясынын филиалы ачылды

Аймак 0

Бишкек, 22.06.22. /Кабар/. Бүгүн, 22-июнда Сузак районунда Республикалык "Алтын түйүн" улуттук балдар инженердик-техникалык академиясынын филиалы ачылды. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.

Маалыматка ылайык, ал райондогу №27 Ю. Гагарин атындагы орто мектептин имаратына уюштурулган. Аталган жайда облустун бардык аймактарынан жаңы технологияларды өздөштүрүүгө кызыккан, жаш ойлоп табуучулар билим алса болот.

Иш-чарага Жалал-Абад облусунун башчысынын орун басары Эркинбек Маматаев, улуттук академиянын директору Жаркын Бапанова, жергиликтүү бийлик, мектеп жамааты жана окуучулар катышты.

Мекемеде балдар робототехника, информатика жана техникалык ийримдерди үйрөнө алышат. Филиалдагы жабдыктарга жалпы 3 млн сомдон ашуун каражат жумшалган.

Белгилей кетсек, өткөн жылы мамлекет башчы Садыр Жапаров Республикалык "Алтын түйүн" улуттук балдар инженердик-техникалык академиясына барган. Анда мекеменин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү менен филиалдарын өлкөнүн бардык аймактарында уюштуруу тапшырмасын берген.

Пикир

Оставить комментарий