• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сузакта асфальт-бетон заводунун иши токтотулду

Аймак 0


Бишкек, 07.09.22. /Кабар/. Сузак районунун Ынтымак айылына жакын жерде жайгашкан асфальт-бетон заводунун иши токтотулду. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 6-сентябрында социалдык тармактарда аталган асфальт-бетон заводунан кара түтүн чыгып жатканы тууралуу маалымат чыккан.

“Маалыматтык кайрылуунун негизинде министрликтин мамлекеттик инспекторлору аталган заводго барып, текшерүүнүн жүрүшүндө түтүн кармоочу конструкциянын бузулушун аныкташкан”, - деп айтылат билдирүүдө.

Жыйынтыгында министрликтин өкүлдөрү газды чыпкалоочу фильтрлерди орнотуу боюнча буйрук жөнөтүп, заводдун иши токтотулган.

Ведомстводон белгилешкендей, ошондой эле асфальт-бетон заводунун жанында жайгашкан турак жайлар өнөр жай аймагында жайгашкан.

Белгилей кетсек, аталган асфальт-бетон заводу Сузак районунун Ынтымак айылына жакын жердеги өнөр жай зонасында жайгашкан жана Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигинин “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын Жалал-Абад филиалына карайт.

Пикир

Оставить комментарий