• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Сузакта аз камсыз болгон үй-бүлөлөр арзан көмүр менен камсыздалууда

Аймак 0

Бишкек, 25.11.21. /Кабар/. Сузак районунда аз камсыз болгон үй-бүлөлөр арзан көмүр менен камсыздалууда, - деп билдирет президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Сузак районунун Барпы айыл өкмтүнүн Миң-Өрүк айылында Кум-Бел көмүрүнүн тоннасы 3 миң 500, Маркай көмүрүнүн тоннасы 4 миң сомдон сатылууда.

Жергиликтүү бийлик тарабынан арзан көмүр алгач социалдык жактан катоого алынган, аз камсыз болгон жана көп балалуу үй-бүлөлөргө жеткиликтүүлүгү көзөмөлгө алынган.

"Район акими Баратбек Сыдыкназаровдун айтымында, кечээ, 24-ноябрда, арзан көмүр Атабеков айыл аймагында уюштурулган. Бүгүн Барпы айылында сатылууда. Алдыга дагы техникалар даярдалып, 100 тонна көмүр алып келүү аракеттери көрүлүүдө", - деп айтылат өкүлчүлүктүн маалыматында.

Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматынан кошумчалашкандай, Сузак районунда социалдык объектилер толугу менен кышка даяр.

Элдин көмүргө болгөн муктаждыгы 90 пайызга жетип калды. Райондө калкка жеңилдик жаратуу максатында арзан көмүр уюштуруу алдыдагы күндөрү да уланат.

Пикир

Оставить комментарий