• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сузакта балдар аянтчасында ойноп жаткан жеринен 5 жашар кыз жоголду

Кырсык 0

Бишкек, 19.07.18. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кара-Алма айылындагы эс алуучу жайда 5 жашар кыз жоголгон.

ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, 18-июлда болжол менен саат 12:00дөр чамасында 1987-жылкы Ж.А., аттуу атасы 2013-жылкы Х.А., кызын ойноп жаткан жеринен таппай калган.

Туугандары кызды өз алдынча издеп, натыйжа болбогондуктан саат 20:40 ӨКМге кайрылышкан.

Учурда куткаруучулар жана туугандары болуп жалпысынан 23 адам кызды издеп жатышат.

Пикир

Оставить комментарий