• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Сузакта бардык автотранспорт каражаттары дезинфекцияланууда - ӨКМ

COVID - 19 0

Бишкек, 19.03.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Сузак районунда бардык кирген жана чыккан автотранспорт каражаттары дезинфекцияланууда. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Равшан Рыспаев билдирди.

Белгилей кетсек, 18-март күнү саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Кыргызстанда коронавирус жуктурган алгачкы учур катталганын – Сузак районунда (Жалал-Абад облусу) 3 адамда коронавирус аныкталганын билдирген. Алар 12-мартта Кыргызстанга Сауд Арабиясынан учуп келишкен. Коронавирус аныкталгандан кийин Сузак районунда өзгөчө кырдаал киргизилип, 19 блокпосттор коюлган.

Пикир

Оставить комментарий