• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сузакта дайынсыз жоголгон 19 жаштагы Айжамал Паизова изделүүдө

Аймак 0

Бишкек, 26.07.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Сузак районунда дайынсыз жоголгон 19 жаштагы Айжамал Паизова изделүүдө. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 21-июлда саат 05:00дөр чамасында Сузак районуна караштуу Сафаровка айылынын 19 жаштагы Айжамал Паизова аттуу тургуну аталган айылда күйөөсү (Т.Б.) менен чогуу жашаган үйүнөн себепсиз чыгып кетип, ошол бойдон дайынсыз болууда.

Белгилери: бою 155-160 см, өңү ак жүздүү, чачы кара узун, орто дене түзүлүштө.

Кийген кийимдери: үстүндө ак түстөгү көйнөк, башында ак жоолук, бутунда күлгүн түстөгү спорттук бут кийим болгон.

“Дайынсыз болуп жаткан Айжамал Паизова тууралуу кандайдыр бир маалыматыңыз болсо (03748) 5-02-09, 0550 31-31-22, 0777 80 65 68 номерине кайрылууңуздарды суранабыз”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий