• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Сузакта дезинфекция иштери үчүн элден акча чогултулууда деген маалымат туура эмес – ӨКМ

COVID - 19 0

Бишкек, 19.03.20. /Кабар/. Сузак районундагы дезинфекция иш-чаралары үчүн элден акча чогултулуп жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Белгилей кетсек, 18-мартта саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Кыргызстанда коронавирус жуктурган алгачкы учур катталганын – Сузак районунда (Жалал-Абад облусу) 3 адамда коронавирус аныкталганын билдирген. Алар 12-мартта Кыргызстанга Сауд Арабиясынан учуп келишкен. Коронавирус аныкталгандан кийин Сузак районунда өзгөчө кырдаал киргизилген.

Бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, алар Сузак районунун аймагында дезинфекциялоо иштерин баштаганын билдирген.

Пикир

Оставить комментарий