• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Сузакта экстремисттик уюмдун лидерлери жана активдүү мүчөлөрү кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 31.10.22./Кабар/. Сузакта экстремисттик уюмдун лидердери жана активдүү мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 27-октябрда КР Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренеси ("Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу") боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кургак-Көл айылынын аймагында ай сайын өткөрүлүүчү “чогулушта” “Хизб ут-Тахрир аль-Ислами” диний-экстремисттик уюмунун лидери А.И.Т., И.З.К., К.М.Т., М.Х.Ч., Б.И.М., А.Т.Ж. жана Ч.Х.Т., Э.Н.Т., Х.Ф.Г., П.С.А., А.Д. аттуу активдүү мүчөлөрү кармалды.

Жүрүзүлгөн тинтүү иштеринин натыйжасында ири өлчөмдөгү экстремисттик мүнөздөгү адабияттар, баракчалар, уюлдук телефондор, электрондук маалымат каражаттарды алып жүрүүчүлөр жана ячейканын каржылык ишмердүүлүгү тууралуу маалыматтар алынган.

Бул адамдар экстремисттик идеологияны жайылтуу максатында системалуу түрдө диний сабактарды өткөрүп, ошондой эле социалдык тармактар аркылуу
экстремисттик материалдарды таратып жүрүшкөн.

Кармалган жарандар УКМКнын Жалал-Абад областтык башкы башкармалыгынын тергөө камак жайына киргизилди. Алардын кошумча кылмыштуу байланыштарын аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий