• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сузакта «Көчө» аталышындагы ыкчам алдын алуу иш-чарасы өткөрүлүп, бир катар кылмыштын бети ачылды

Аймак 0

Бишкек, 24.06.20. /Кабар/. Сузакта «Көчө» аталышындагы ыкчам алдын алуу иш-чарасы өткөрүлүп, бир катар кылмыштын бети ачылды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма соз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 22-23-июнь күндөрү Сузак райондук ички иштер бөлүмү тарабынан район аймагындагы коомдук жайларда, көчөлөрдө укук бузуулардын алдын алуу, кылмыштуулукка жол бербөө жана коронавирус илдетинин жайылышына бөгөт коюу максатында «Көчө» аталышындагы ыкчам алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү.

Иш-чарада жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын жана коомдук алдын алуу борборлорунун өкүлдөрү, айыл башчылары менен РИИБдин МУУнун жана ЖИИнин кызматкерлери атайын түзүлгөн иш-мерчем боюнча иш алып барышты.

Алдын алуу иш-чарасы учурунда РИИБде катталып, КРнын КЖКнин 360-беренеси (эски редакция) менен айыпталып, издөөдө жүргөн 1998-жылы туулган Т.С. аттуу жаран РИИБдин ЖИИнин жана милициянын участкалык инспекторлору тарабынан кармалып УКЖга киргизилген. Ошону менен катар «Бейбаштык» жана «Уурдоо» фактыларынын бети ачылып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Иш-чара учурунда РИИБдин кызматкерлери тарабынан бардыгы болуп бузуулар боюнча 28 протокол түзүлгөн. Андан сырткары жалпы 195 кожолук текшерилип, профилактикалык каттоодо турган атуулдар менен түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий