• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Сузакта «Каникул» рейди өттү

Аймак 0

Бишкек, 09.11.19. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда ушул 7-8-ноябрь күндөрү атайын профилактикалык «Каникул» рейди өткөрүлдү.

Жалал-Абад милициясынын басма сөз кызматы билдиргендей, рейд Сузак РИИБнин демилгеси менен уюштурулган, максаты - каникул учурунда жаш өспүрүмдөрдүн арасында кылмыштуулуктун алдын алуу жана болтурбоо болуп саналат.

«Рейддин жүрүшүндө атайын каттоодо турган жана соода тармагында эмгектенип жаткан жаш өспүрүмдөр, алардын ата-энелери менен жолугушуулар уюштурулду. Алардын каникул мезгилиндеги абалы жана эс алуу күндөрүн өткөрүү пландары талкууланды. Жаш өспүрүмдөргө милиция кызматкерлери кеп-кеңештерин беришип, кылмыштуулуктан алыс болууга чакырышты», - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий