• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Сузакта карантинге алынган айылга вице-премьер-министр жана өкмөттүн облустагы өкүлү барды

Аймак 0

Бишкек, 18.03.20. /Кабар/. Сузакта карантинге алынган айылга вице-премьер-министр Акрам Мадумаров, өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурболот Мирзахмедов барды. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, анда пост коюлган аймактардагы абал боюнча маалымат берилди.

"Жергиликтүүлөр арасында түшүндүрүү ишин жүргүзүүнү дагы да күчөтүү зарылдыгы белгиленди", - деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда коронавируска чалдыккан алгачкы адамдар катталды. Бул тууралуу бүгүн саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдирди. Илдетти Сауд Арабиясына барып келген кыргызстандыктар жуктуруп алган.

Облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Кылыч Жолдошев билдиргендей, райондун карантин жарыяланган Бостон, Благовещенка жана Орто-Азия айылдарындагы 19 жерге блок-посттор орнотулду.

Пикир

Оставить комментарий