• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Сузакта кароосуз калгандарды аныктоо иштери жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 10.12.20. /Кабар/. Сузакта кароосуз калгандарды аныктоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Сузак райондук ички иштер бөлүмү тарабынан аба ырайынын катаал шартында суукка тоңуулардын алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө. Кароосуз калган кары-картаңдар, селсаяк, кайырчылар, туруктуу жашаган жери жок жарандардын көчөдө тоңуп калышына жол бербөө жумуштары колго алынды. Милиция кызматкерлери үй-жайсыз жарандардын машиналарга урунуп жана көчөдө жатып калбоосун көзөмөлгө алып жатат.

Кароосуз калган жарандар аныкталган учурда Сузак райондук администрациясына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ошондой эле социалдык мекемелерде түзүлгөн комиссияга билдирилип, убактылуу баш калкалоочу жайларга жеткирилүүдө.

Сузак РИИБи жергиликтүү тургундарды суук мезгилдерде көчөдө калган жарандарды көргөн учурда милициянын 102 номерине билдирип коюуга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий