• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сузакта Кемпир-Абад каналына өспүрүм чөгүп кетти

Кырсык 0

Бишкек, 09.08.21. /Кабар/. Сузакта Кемпир-Абад каналына өспүрүм чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 8-август күнү болжол менен саат 13:00дө чамасында Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Комсомол айылын аралап өткөн Кемпир-Абад каналына 2006-жылы туулган Д.М. сууга түшүп жатып агып кеткен.

Издөө иштерине ӨКМ тарабынан 32 кызматкер тартылган. Жыйынтык болгон жок.

Бүгүн, 9-августта издөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий