• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Сузакта кооптуу аймакта жашаган калк менен ӨКМдин адистери жолукту

Аймак 0

Бишкек, 06.03.19. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы кооптуу аймактарда жашаган калк менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын адистери жолуккан. Анда Кызыл-Туу айыл аймагына караштуу Алчалуу, Ак-Талаа, Соку-Таш, Шатырак жана Ак-Терек айылдарындагы кооптуу аймакта жашап жаткан жашоочуларды коопсуз аймакка көчүп кеттүү боюнча сүйлөшүүлөр жүргөн.

Кооптуу делген аймакта жашаган жергиликтүү тургундардын ар биринин үйлөрүнө барып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

"Жашоочуларга тез арада коопсуз аймакка көчүп кетүү милдеттемелери коюлуп, жерин жазма эскертмелер берилди", - деп айтылат маалыматта.

Маалыматка ылайык, Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагында 176 үй-бүлө кооптуу аймакта жашайт. Учурда 141 түтүнгө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий