• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Сузакта мал базар 11-майдан кийин ачылат – аким

Аймак 0

Бишкек, 02.05.20. /Кабар/. Сузакта мал базар 11-майдан кийин ачылат. Бул тууралуу Жалал-Абад облусунун Сузак районунун акими Эрмекбай Омошев билдирди.

Анын айтымында, учурда Сузак районунда мал базарлар ишке кирише элек.

"Бир убакта үч аймакта мал базар уюштуралы деп жатабыз. Мал базар үч жерде уюштурулса эл бир жерге топтолбой, мал базарда элдин саны аз болот деген ойдобуз. Бирок муну 11-майдан кийин жасайлы деп жатабыз", - деди ал.

Коронавируска байланыштуу Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында жана Ат-Башы районунда киргизилген өзгөчө абал режими 10-майга чейин узартылган.

Пикир

Оставить комментарий