• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сузакта мас абалында аялын сабап өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды

Кырсык 0

Бишкек, 02.06.22. /Кабар/. Сузак районунда мас абалында аялын сабап өлтүрүүгө шектүү жаран камакка алынды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 29-майда Сузак РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Базар-Коргон районунун тургуну А.А. арыз менен кайрылып, анда Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагында жашаган бир тууган карындашы А.У.ны "Айбек" аттуу жолдошу уруп, өлтүрүп койгондугун билдирген.

Аталган милицияда каттоого алынып, Сузак РИИБдин ыкчам тергөө тобу жана Сузак районунун прокурорунун орун басары М.Адыл уулу кырсык катталган жерге барышып, криминалисттик техниканы колдонуу менен окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, тиешелүү экспертизалар дыйындалган.

Бул факты боюнча топтолгон материалдын негизинде Сузак райондук милициясы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин ("Адам өлтүрүү") негизинде кылмыш иши козголгон.

"Дайындалган соттук-медициналык экспертизанын алдын ала жыйынтыгы боюнча У.А.нын башында, колдорунда, ичинде, буттарында жарылган жана көк ала дене жаракаттары бар экендиги, ал жаракаттар катуу мокок нерсенин тийүүсүнөн улам пайда болгондугу такталган", - деп айтылат маалыматта.

Кылмышка шектүү А.Д. көрсөтмө берип, 29-май күнү болжол менен саат 04:00 чамасында аялы У.А.ны мас абалда уруп койгондугун, андан кийин кайра жарашып алышкандыгын, бирок эрте менен турганда аялы каза болуп калгандыгын билдирген.

Тергөөнүн жүрүшүндө каза болгон У.А.нын жолдошу 1987-жылы туулган Д.А. кылмышка шектүү катары кармалып, Сузак РИИБнүн УКТЖна киргизилген.

Учурда бул кылмыш ишин соттун кароосуна жиберүү максатында тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий