• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Сузакта мектеп окуучулары үчүн өрт-тактикалык машыгуу өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 10.02.22. /Кабар/. Сузак райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өздүк курамы тарабынан №94 Айбек атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин окуучулары үчүн өрт-тактикалык машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарага 300гө жакын мектеп окуучусу тартылган. Машыгуунун жүрүшүндө окуучулар өрт чыккан учурда кандай аракеттерди жасоо керектигин үйрөнө алышты.

Окуучулар теориялык билимин практика жүзүндө толуктап, куткаруу жана биринчи жардам көрсөтүү тартибин көрсөтүштү.

Мындай демилге өрт кырсыгын болтурбоо жана өрт чыккан учурда куткаруучуларга көмөктөшүүгө шарт түзөт.

Пикир

Оставить комментарий