• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Сузакта мектепти курууда мамлекетке дээрлик 5 миллион сом зыян келтирилген

Аймак 0

Бишкек, 21.10.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы орто мектептин курулушунда мамлекетке ири өлчөмдөгү зыян келтирилгендиги аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, УКМК КР Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган кылмыштын негизинде кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Жалал-Абад облусундагы Капиталдык курулуш дирекциясынын жооптуу кызматкерлери келишим түзгөн уюм менен Сузак районунун Талаа-Булак айылындагы А.Матиев атындагы №76 орто мектептин курулушунда курулуш-монтаждоо жумуштарынын көлөмүн жогорулатуу боюнча өз ара жең учунан сүйлошүп алган фактысы такталды.

Аткарылган курулуш-монтаждоо иштеринин чыныгы көлөмү жана алардын баасы ашыкча баалангандыгы, жооптуу адистердин техникалык көзөмөлдөгү бузуулары, ошондой эле курулуш эрежелеринин талаптарын жана курулган объектилерди пайдаланууга кабыл алуу эрежелерин жашырышкандыгы, анын натыйжасында мамлекеттик бюджетке 4 миллион 970 миң 944 сом зыян келтирилгендиги аныкталды.

Азыркы учурда бардык жагдайларды аныктоо жана күнөөлүүлөрдү кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча чаралар көрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий