• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сузакта милиция резервдик фонддогу акчанын сарпталышын иликтөөдө

Укук тартиби 0

Бишкек, 16.06.20. /Кабар/. Сузак райондук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери жана башкы бухгалтери тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Министрликтен билдиришкендей, Сузак райондук санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери жана башкы бухгалтери тарабынан облусттук жергиликтүү мамлекеттик администрациянын резервдик фондунун бюджетинен COVID-19 илдетин алдын алуу иштерине бөлүнгөн 300 миң сом акча каражатын Сузак райондук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун кызматкерлерине айлык маянасынын көтөрүлгөн сыяктуу же башкача айтканда материалдык жардам катары бөлүштүрүшкөн.

“Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн “Резерв фондусунун акча каражаттарын колдонуу” тууралуу жарлыгына ылайык бюджеттик мекемелердин кызматкерлерине айлык маянасын көтөрүүгө тыюу салынат. Аталган факт Кылмыш кодексинин 320-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча каттоого алынып, сотко чейинки тергөө амалдары жүрүүдө”, - деп айтылат малыматта.

Пикир

Оставить комментарий