• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Сузакта милиция уурулук менен алектенген кылмыштуу топту кармады

Укук тартиби 0

Бишкек, 20.11.20. /Кабар/. Сузакта милиция уурулук менен алектенген кылмыштуу топту кармады. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 12-ноябрдан 13-ноябрга караган түнү белгисиз кылмышкерлер Сузак районунун айылдарынын бириндеги дүкөндүн арткы эшигин сындырып киришип, кассадагы 300 миң сом акчасын, 100 миң сомдук товарын жана сыртта турган “Дэу-Лабо” үлгүсүндөгү автоунаасынын ичинен документтери менен кошо 10 миң сом акчасын уурдап кетишкендигин үй ээси милицияга билдирип, белгисиз кылмышкерлерди таап, мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган. Жабырлануучу жалпы 410 миң сомдук материалдык зыян тарткандыгын билдирген.

Аталган факты Сузак РИИБдин КЖБРне КРнын Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Бул окуянын бетин ачуу максатында Жалал-Абад ОИИБдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмыш ишине шектелип Ош облусунун 4 тургуну кармалып, тергөөгө камсыздалган. Алар: 1997-жылы туулган Г.А., П.М., К.У. жана 1999-жылы туулган А.Э. болгон.

Белгилей кетүүчү жагдай, үстүбүздөгү жылдын август айында Ош шаардык соту тарабынан Ош шаарынын тургуну 1999-жылы туулган А.Э.нин үстүнөн издөө жарыяланган.

Азыркы учурда Сузак РИИБдин Тергөө кызматында тергөө амалдары жүргүзүлүүдө жана бул жарандардын башка кылмыш иштерине тиешеси бар же жоктугу такталууда.

Пикир

Оставить комментарий