• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Сузакта милициянын демилгеси менен акыл ордо таймашы өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 24.03.21. /Кабар/. Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн Жашы жете электер менен иштөө инспекциясы тарабынан кылмыштуулуктун алдын алуу максатында өспүрүмдөр арасында спорттук жана акыл таймаштары өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чара райондун ар бир айыл аймагында уюштурулуп, жергиликтүү бийлик жана жеке демөөрчүлөр колдоого алууда.

Бул жолку интеллектуалдык акыл таймашы Барпы айыл аймагындагы 10 мектептин жогорку класстарынын окуучулары арасында өткөрүлдү. Аларга «Китепкөй аалам» жигердүү жаштар уюмунун активисттери тарабынан даярдалган маданият, тарых жана логикалык суроолор берилди. Акыл таймашынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери жаш өспүрүмдөрдү кылмыштуулуктан алыс болууга чакырышып, бири-бири менен ынтымакта болуп, татыктуу билим алууга үндөштү.

Интеллектуалдук акыл таймашынын жыйынтыгында 1-орунду №6 Т.Темирбаев орто мектебинин окуучулары жеңип алышты. 2-орунду №35 Комсомол орто мектеби, ал эми 3-орунду №77 Т.Байзаков орто мектебинин билермандары багындырышты.

Жеңүүчүлөргө Барпы айыл өкмөтү тарабынан баалуу белектер тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий